• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

«Үрөн жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын айыл чарба үрөнчүлүк секторунун маселе-суроолорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны мындан ары жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

— үрөн жана көчөт материалдарын алып кирүүдө айыл (токой) чарбасын башкарган мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксатты жана сорттуу үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн, реализаторлордун, импортчулардын жана экспортчулардын реестрин алып таштоо. Бул сунуш — Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында аталган нормалардын колдонбогондугу менен шартталган жана коррупциялык түзүмдү жок кылуу үчүн;

— импорттук карантин уруксаты «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жөнгө салынгандыгына байланыштуу «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан бул уруксатты алып салуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий