• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Р.Казакбаев Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлүнө бекитилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Депутат Руслан Казакбаев («Республика – Ата Журт» фракциясы) Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлү катары аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынгандыгын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлүнө депутаттар Руслан Казакбаевдин («Республика – Ата Журт» фракциясы), Наталья Никитенконун («Ата Мекен» фракциясы), Мирлан Бакировдун («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) талапкерлиги көрсөтүлүп, электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Руслан Казакбаев тандалып алынды.

Пикир

Оставить комментарий