• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Раатбек Санатбаевдин элесине арналган грек-рим боюнча эл аралык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 12.06.19. /Бишкек/. Бишкекте Раатбек Санатбаевдин элесине арналган грек-рим боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтүүдө.

Бул мелдешке Казакстан, Монголия, Тажикстан, Түркия, Бразилия, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышууда.

Белгилей кетсек, Раатбек Санатбаев – Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, Дүйнө биринчилигинин байге ээси.

Пикир

Оставить комментарий