• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Раев “Кара” романы үчүн Евразия эл аралык сыйлыгынын алтын медалы менен сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 13.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Москвада эл аралык жазуучулар жана котормочулар форуму өтүп, анда белгилүү драматург Султан Раев “Кара” романы үчүн Евразия эл аралык “Алтын медалы” жана лауреаттык наамы менен сыйланды. Бул тууралуу жазуучу өзүнүн интернет баракчасында жазып чыкты.

Раевдин “Кара” романы “Адабий чеберчиликтеги өзгөчө жетишкендиги” номинациясында лауреаттык алтын медаль менен сыйланды.

Ошондой эле сыйлык, Россия, Англия, Индия, Непал, Казакстан, Украина, Грузия, Азербайжан жана Кыргызстандын мыкты илимпоздоруна, жазуучуларына, акындарына жана искусство чеберлерине ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Султан Раевдин “Кара” романы 2015-жылы Лондондо басылып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий