• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Райкан Төлөгөнов 15 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин мудагы депутаты Райкан Төлөгөнов мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Чечим кечээ, 27-октябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Райкан Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.

Эске сала кетсек, ЖКнын V чакырылышынын депутаты Райкан Төлөгөнов 2017-жылдын 28-мартында кармалган. Мурдагы депутатка апрель окуялары учурунда башка бирөөнүн мүлкүн талап-тоногон деген айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий