• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берилди

Билим 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрилиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен видео конференция аркылуу жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияда министрдин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоосу эскертилди.

Мындан тышкары, Надира Жусупбекова Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметовго реалдуу режимге өткөн билим берүү уюмдарында санитардык нормаларды так сактоо, кышкы жылытуу мезгилинде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

Жусупбекова мугалимдерге тиешелүү кыскарган иш кагаздар боюнча маалыматтын так жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Видео конференциянын жыйынтыгында министрдин орун басары менен Билим берүү академиясынын президенти мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий