• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Райым Матраимов атайын эсепке 2 млрд сом которду — Ташиев

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов атайын эсепке 2 млрд сом которду. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдады.

undefined

Анын айтуусуна караганда, Матраимовдун бюджетке 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.

«Бүгүнкү күнгө карата ал мамлекеттин эсебине 1,4 млрд сом которду. Ошондой эле Матраимовдун мүлкү мамлекеттин эсебине өткөн - 1 соода борбору жана 601 млн сомдук 9 батири», - деди ал.

Ташиев кылмыш ишинин алкагында дагы бир башка адам тарабынан 53 млн сом которулгандыгын кошумчалады. Ошентип, Матраимов мамлекетке жалпы 2 млрд 53 млн сом төккөн.

«Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши жакынкы аралыкта сотко жөнөтүлөт», - деди Ташиев.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик бюджетке 2 млрд 816 млн сом кайтарылган. Анын ичинен 2020-жылдын 20-октябрынан тарта 2,7 млрд сом кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий