• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Райымбек Матраимов 18-апрелге чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2 айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына камалды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Р.Матраимов кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (Адалдаштыруу) фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында 2021-жылы 18-февралда кайрадан кармалды.

Мындан мурда ал 11-февралда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан коррупцияга шектелип, 260 миң сомго айыпка жыгылган.

Пикир

Оставить комментарий