• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Райымбек Матраимов кызмат ордуна кайтып барбайт – жактоочу

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун баары Райымбек Матраимов өзүнүн мурунку кызмат ордуна кайтып барбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь айында мурунку премьер-министр Сапар Исаков тарабынан ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Кийин Матраимов мыйзамсыз кызматынан бошоткондугу тууралуу өкмөттү сотко берген.

Жогорку сот бул ишти карап чыгып аны Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайтаруу тууралуу өкүм чыгарган.

Карыжинская билдиргендей, Матраимов өзүнүн атын актоо максатында сотко берген. “Бирок, ал ошол кызматка кайтып барууну пландаган жок”, - дейт жактоочу.

Пикир

Оставить комментарий