• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Райымбек Матраимов мурдагы кызматына кайрадан кайтты

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кызматына кайра кайтарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине жактоочусу Татьяна Карыжинская кабарлады.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарган.

"Экинчи инстанциянын чечими күчүнө кирди, эми Райымбек Матраимов өз кызматына кайта алат", - деп билдирди ал.

Бирок өкмөт бул чечим боюнча жогорку инстанцияга – Жогорку сотко доо арыз менен кайрыла алат.

Эске сала кетсек, төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов негизсиз кызматтан алуу боюнча Кыргызстандын өкмөтүн жана Бажы кызматын сотко берген. Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызмат ордуна кайрадан кайтарган. Бирок өкмөт бул чечим боюнча доо арыз менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий