• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко берди

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду сотко берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине анын агасы – ЖК депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь айындагы “мыйзамсыз кызматтан алуусу” боюнча сотко кайрылды.

Ал билдиргендей, кызматтан алуу алар үчүн күтүүсүз болгон.

“Кызматтан алуу мыйзамсыз болгон, анткени ал кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Аны жөн гана кызматтан алышкан. Ошондуктан Райымбек сотко берди. Ал өзүнүн чын экендигин далилдеши керек.

Анын максаты кызматка кайра келүү эмес, жөн гана мыйзамсыз кызматтан алгандыгын далилдөө”,-деп билдирди Искендер Матраимов.

Пикир

Оставить комментарий