• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Райымбек Матраимовдун кармалган учурдагы сүрөттөрү

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Бүгүн 2020-жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция фактысы боюна козголгон өндүрүштүн алкагында КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКнын имаратына алып келинди. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКдан билдиришкендей, Матраимов жана бажы тармагындагы башка кызмат адамдары 2016-жылдан азыркы убакытка чейин бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөндүгү аныкталган. Анын жыйынтыгында өлкө бюджетине ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда сотко чейин өндүрүш иши жүрүүдө.

УКМК ыкчам-тергөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий