• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Райымберди Дүйшөнбиев өлкөнүн түштүк аймагында иш сапары менен жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев 20-январдан бери өлкөнүн түштүк аймагында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлайт.

Иш сапарынын алкагында Дүйшөнбиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, жергиликтүү администрация жетекчилери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана күч түзүмдөрүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Башкы штабдын башчысы аймактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн күч түзүмдөрүнө жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеп өттү. Ошондой эле КРнын Куралдуу күчтөрүнүн уставдарын жаны мыйзамын сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий