• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Райымберди Дүйшенбиев Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү - коргоо министри генерал-полковник Вэй Фэнхэ Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Шайхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин Бишкекте өтө турган кеңешмесине карата келген Кытайдын коргоо министри менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев жолуккан.

"Биздин мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн ортосунда бекем байланыш түзүлгөнүн, ал эки тараптуу негизде жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жылдан-жылга кеңейип жатканын белгилейбиз", - деген Дүйшенбиев.

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн, аны менен бирге Шанхай кызматташтык уюмунун жоопкерчилигине кирген аймакта да коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча пикир алышуу болгон.

Анын жыйынтыгында, эки өлкөнүн коргоону мекемелери ортосунда аскерий жана аскердик-техникалык кызматташтыктын перспективалары чагылдырылган Протоколго кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий