• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Рак илдетине каршы күрөшүү күнү. Онкология жана гематология борборунда көргөзмө өттү

Маданият 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунда Рак илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата тематикалык көргөзмө өттү.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу, “Бирге ракка каршы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлмира Абдразакованын айтымында, ал өзү онкологиялык оору менен күрөшкөн.

“Мен жана башка миңдеген аялдарды мисалга алып, калкка рак илдети көрүнгөндөй коркунучтуу эмес экенин айткым келет. Учурда калк арасында рак оорусу өлүм деген пикирлер дагы эле бар. Рак - бул жашоо, аны менен жашап, жашоодон ырахат ала аласыз”, - деди ал.

Фонддун жетекчиси көргөзмөнүн өзгөчөлүгү онкологиялык оорулар менен ооруган айымдар катышкандыгында экендигин белгиледи.

“Ал аялдардын көбү ооруну жеңишти, кээ бирлери дагы эле оору менен күрөшүп жатышат, тилекке каршы, биздин арабыздан кеткендер бар, бирок баары сулуу”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эмчек рагы оорунун көрсөткүчү боюнча биринчи орунда турат – 100 миң калкка 18,5% жана жатын моюнчасынын рагы – 100 миң калкка 13%.

Пикир

Оставить комментарий