• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Рахманов: 2017-жылы экстремизм жана терроризм жайылтуу коркунучуна байланыштуу 32 сайтка тыюу салынган

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Өткөн жылы Бишкек ШИИБи экстремизм жана терроризм жайылтуу коркунучуна байланыштуу 32 сайтка тыюу салынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ башчысы милициянын подполковниги Сталбек Рахманов билдирди.

Анын пикиринде, бул маселе менен күрөштө топтомдуу мамиле керек жана ата-энелер сак болуп, балдарынын кызыгууларына көз салып туруулары зарыл.

“Биз милицияга же мугалимдерге эле жоопкерчиликти арта сала албайбыз. Бүгүн биз бардыгыбыз балдарга интернетте иштөөгө шарт түзүп берип жатабыз. Бирок тыюу салынган нерсенин баары аларда кызыгууну жаратат. Алар сайттарга кирип, тыюу салынган нерселерди издеп башташат. Мындай учурда ата-энелер сак болуп, коркунуч болсо укук коргоо органдарына, мугалимдерге билдирүүлөрү кажет”, - деди ал.

Ал милиция кызматкерлери тарабынан балдардын аң-сезимине залал келтирүүчү сайттарды аныктоо иштери туруктуу жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

“Биз сайттарды өз учурунда аныктап, тыюу салышыбыз керек. Дин кызматкерлери, окуучулар менен иштеген 10-башкармалыктын кызматкерлери буга өзгөчө көңүл бурууга тийиш”, -деп кошумчалады ШИИБ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий