• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Рахматуллаев: Республика боюнча коронавирус менен ооругандар үчүн 5,8 миң орун даярдалган

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Өлкө боюнча ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарга жетишерлик орун, жеке коргонуу каражаттарынын жана дары дармектин керектүү запас бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Нет описания.

Анын айтуусуна караганда, 2021-жылдын 8-июлуна карата республика боюнча 78 бейтапканада жалпысынан 5 миң 856 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү – 455.

Бишкек шаары боюнча коронавирустук инфекция менен бейтаптарды кабыл алуу үчүн 2 152 койко-орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү – 163.

Бишкекте башка региондорго салыштырмалуу инфекциянын жаны учурлары көбүрөөк болгондуктан адистер ар 2 саат сайын койко-орундар фондуна мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда кошумча дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орундарды ачуу пландаштырылган. Аймактарда ковид менен бейтаптарды кабыл алуу учун орундар жетиштүү.

Ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 30-июнуна карата дары каражаттарынын запасы 317,7 млн сомду түздү.

Мындан тышкары, Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин маалыматы боюнча республикадагы дарыканаларда коронавирустук инфекцияны дарылоо үчүн жетишерлик денгээлде дары-дармек жана медициналык каражаттар бар.

Пикир

Оставить комментарий