• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Рахмон: Россия Тажикстанга орус тилдүү беш мектеп куруп берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Россияда расмий сапар менен жүргөн Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда эки өлкө Тажикстанда орус тилдүү беш мектеп куруу жөнүндөгү келишимге кол коерун билдирди.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Рахмон долбоор жакынкы убакта ишке ашат деген үмүттө.

Буга чейин Тажикстандагы мектептер негизинен Дүйнөлүк банктын акчасына салынып келген. Бирок 2019-жылдын башында банк жана башка эл аралык донорлор Тажикстанды колдоо программаларын токтотушкан.

РФ дагы соңку 12 жылдан бери Тажикстан мектептерине жардам берип келет. 2017-жылы өлкөгө 1-11-класстар үчүн орус тилиндеги 60 миң окуу китеби жөнөтүлгөн.

Ошол маалда Тажикстанда 31 мектеп орус тилинде билим берген. Китептер орус тилин чет тил катары окуткан тажик мектептерине да таратылган.

Пикир

Оставить комментарий