• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Рахмон жана Бердымухамедов кыргыз элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизге чын жүрөгүмдөн бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишиңизге ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан элине — бейпил асман, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм. Көз карандысыздык жылдарында Кыргызстан мамлекеттик курулушта, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоодо жана эл аралык чөйрөдө өзүнүн аброюн чыңдоодо маанилүү өзгөрүүлөргө жетишти. Биз жакынкы коңшубуздун мындай жетишкендиктерине абдан кубанабыз жана кыргыз-тажик достук алакаларынын жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн көп тараптуу кызматташтыкты ырааттуу бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өзгөчө маани беребиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон тарыхый каада-салттарга бай эки өлкөнүн ортосундагы ак ниет коңшулук мамилелер мындан ары да жаратман өнөктөштүктө жигердүү өнүгө берерине ишенимин билдирген.

Ошондой эле Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Түркмөнстан элинин жана Өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизге жана боордош Кыргызстан элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди жолдоп жатам.

Сиздердин өлкөңүздөрдүн көз карандысыздык жылдарында жетишилген саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ийгиликтерин, ошондой эле биздин боордош өлкөлөрдүн ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде өнүгүшүн кубануу менен белгилеп кетким келет. Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттер аралык диалогду мындан ары да кеңейтүүдөгү жана тереңдетүүдөгү туруктуу бир пикири эки элдин кызыкчылыгына жооп берерине бекем ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий