• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Рахмон Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий