• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Рахмондун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын программасы аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 17-августта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт жана коммуникациялык, туризм, маданий-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулап, көңүл борборундагы аймактык жана эл аралык темалар боюнча пикир алышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик-өзбек кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрө турган бир катар документтерге кол коюулары күтүлүүдө.

Күндүн экинчи жарымында тажик товарларынын көргөзмөсү өтөт. Эмомали Рахмон Ташкенттеги «Артель» заводуна барат.

18-августта Тажикстан президенти Өзекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмаилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушат. Андан соң тажик лидери Самаркандга келип, маданий жайларды кыдырат.

Тажикстан президенти акыркы жолу Өзбекстанга 20 жыл мурун, 1998-жылы мамлекеттик сапар менен келген. 2016-жылы Рахмон Самаркандда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга 9-мартта барган. Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча 27 документке кол коюлган, алардын арасында эки өлкө жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүү макулдашуусу да бар.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 12 миллион долларды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 126 миллион долларга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий