• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ракты жеңген кыргызстандык балдар “IX Дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюндарында” 7 медаль утуп алышты

Коом 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Ракты жеңген кыргызстандык балдар Москвада өткөн “IX Дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюндарында” 7 медаль утуп алышты. Бул тууралуу “Помогать легко” фондунун директору Динара Аляева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 3-5-август аралыгында Москвада Дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюндары өткөн. Ага жалпысынан 32 россиялык топ жана дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн келген балдар катышкан.

“Кыргызстандан барган команда алгачкы жолу катышты. 9 бала барып, 7 медаль утуп келишти. 2 алтын, 3 күмүш жана бир коло. Биздин фонд балдардын катышуусун демилгелеп, авиабилеттер үчүн каражат таап, балдарды машыктыруу жана даярдоо менен алектенген”, - деди Аляева.

Анын айтымында учууга акча каражаты КРнын Президенти жана мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан берилген. Башка бир нече уюмдар дагы жардам көрсөтүшкөн.

“Кыргызстандын атынан 11 бала катышмак. Бирок даярдыктар учурунда бир баланын ата-энеси катышуудан баш тарткан. Башка бала убагында документтерин ала албай калган. 3 бала дарылануунун негизги курсунан өтүшүп, учурда колдоо терапиясында. Биздин команда 500 катышуучунун арасынан байгелүү орундарга ээ болушту”, - деди директор.

Жеңүүчүлөрдүн биринин апасы Елена Воробьева аталган иш-чара балдарга оң таасирин тийгизгенин, алар өздөрүн көбүрөөк бактылуу сезип калганын айтты.

“Мен жеңил атлетика, футбол, теннис боюнча мелдештерге катышып, 2-орунду алдым. Аябай кыйын болду, бирок мага жакты”, - деди 10 жаштагы Даниэль Асанов.

Оюндарда спорттук басуу боюнча Мадина Адильбекова жана Жаркынайым Сапарбекова алтын медаль утуп алышкан. Футболдо Даниэль Асанов, Воробьев Артём, Жаркынайым Сапарбекова күмүш медалга ээ болушкан. Ал эми коло медалды шахмат боюнча Рысбек кызы Адеми жана футбол боюнча Кирилл Кафанов утуп алышкан.

Пикир

Оставить комментарий