• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Рамазан айында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө орозо бузулбайт - Муфтият

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) тарабынан Ыйык Рамазан айында орозо кармаган момун-мусулман адам коронавирус илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтсө орозосу бузулбай турганын билдирди.

«Ыйык Рамазан айында ар бир мусулман адам вакцинациядан ɵтсɵ болот. Саламаттык сактоо маселелери абдан маанилүү. Эгер момун-мусулман эмдɵɵдɵн ɵтɵм деп чечим кабыл алган болсо, ал эч кандай шектенүүлɵрдү ойлобой алса болот» - деп билдирди Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын ɵкүлү Бактияр Токтогазы уулу.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап: «Рамазан айы – тазалыктын, жаңылануунун жана кайра жаралуунун символу жана ага боорукердиктин жана кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн жана чыдамкайлыктын негизги баалуулуктары менен тыгыз байланыштуу. Ушуну менен катар ɵлкɵбүздɵ жайылып жаткан коронавирус илдетине каршы эмдɵɵ массалык түрдɵ ɵтүп жатат. Бардык жарандарды COVID-19 илдетине каршы вакцина алууга жана аталган кампанияга оӊ чечим кабыл алып, эмдɵɵдɵн ɵтүүгɵ чакырат элем. Ошондой эле, COVID-19га каршы вакциналарды колдонуу боюнча шариаттын токтому жана Медициналык Фикх Симпозиумунун корутунду билдирүүсү жана сунуштамалары келди», - деп белгиледи Гулбара Ишенапысова.

Пикир

Оставить комментарий