• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Рамазан айында Орозону үйдө кармайбыз. Муфтий кыргызстандыктарга кайрылуу жасады — видео

Коом 0


Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун жайылуусунан улам өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды. Ага байланыштуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Муфтий өз кайрылуусунда Рамазан айы карантинге туш келип каларын айтып, Орозону кармоо парз экендигин эске салды.

"Рамазан айында Орозону биз үйдө кармайбыз. Ооз ачарлыкты үй-бүлөбүз менен чогуу үйдө кылабыз. Абал туруктушканга чейин таравих намаздарын үйдө окуйбуз. Кудай кааласа, биз бул кыйынчылыкты жеңебиз", - деген муфтий жалпы кыргызстандыктарды тартиптүүлүккө жана сабырдуулукка чакырып өттү.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан азырынча Орозо айынын башталышынын так күнү аныктала экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий