• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Рамазанга чейин жасала турган 10 иш

Дүр дүйнө 0

Мусулмандар орозо кармай турган Рамазан айынын башталышына саналуу күндөр калды. Орозо кармоо чоң сыноолор менен коштолот. Ошондуктан инсан бул нерселерге өзүн ар тараптан алдын ала даярдашы кажет. Төмөндө Рамазан айы башталганга чейин жасала турган 10 ишти сунуштайбыз:

1) Рамазан тууралуу көп окуңуздар

Рамазан жөнүндө билим “орозону эмне бузат?”, “орозо кармоодон эмне бошотот?”, “Рамазанды кантип өткөрүү керек?” деген сыяктуу суроолорго жооп берүүгө жардам берет. Рамазан тууралуу канчалык көп билсеңиз, өз билимиңизди ошончолук көп колдонуп, бул айда көп сыйлык ала аласыз.

2) Куранды окуунун планын түзүп алыңыз

Рамазан – Курандын айы. Бул айда Куранды аягына чейин окуп чыгууга аракет кылуу керек. Мисалы, ар бир намаздан кийин аяттардын белгилүү бир санын окуп турууну, Рамазан айын хатм менен аяктоону пландоо керек. Эгерде бул ыкманы кармансаңыз ар бир намаздан кийин сизге 41-42 аят окууга туура келет жана бир айдын ичинде Куранды окуп бүтөсүз. Рамазан учурунда Куран окуудан ырахат алуу үчүн азыртадан көп окуп баштаңыз. Текстти окуу жана түшүнүү жөңдөмдүүлүктөрүңүздүн үстүнөн азыртадан иштеп баштаңыз.

“Курандан окулган ар бир тамгага жакшы иш жазылат, ал эми ар бир жакшы ишке он эсе сооп берилет”

(ат-Тирмизи)

Эгерде сиз Куран окуганды билбесеңиз, анда Куран окуу эрежелери боюнча сабак алып башташыңыз керек. Бул багытта Бишкекте атайын курстар бар.

3) Менюну алдын ала түзүп алыңыз

Айрымдар Рамазан айын кулинардык шоуга айлантып күн бою ашканада ооз ачаарга түркүн даамдарды даярдоо менен өткөрүшөт. Бул бир жылда бир келген жана руханий өнүгүүгө көңүл буруучу ай экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан, ашканага убакытты аз бөлүп, Куранды окуп үйрөнүүгө, намаз окууга жана сооп иштерди жасоого көп көңүл буруу керек. Жашоону жеңилдетүү үчүн алдын ала Рамазанга карата меню түзүп алган оң. Майлуу, туздуу, куурулган, ачуу жана газдалган тамактарды чийип салуу кажет. Тамак аш болумдуу жана жеңил болушу керек. Мүмкүн болушунча Рамазандын башталышында бардык зарыл азык-түлүктөрдү сатып алып, жарым фабрикаттарды даярдап коюу керек. Алсак, биз курбуларыбыз менен май майрамдары учурунда азык-түлүктөрдү сатып алып, пельмен, манты, котлет, фрикадельки сыяктуу жарыя фабрикаттарды даярдап коюуну пландап жатабыз. Ошондой эле биз Рамазан айында убакыт кетирбөө үчүн сабиз жана башка жашылчаларды туурап коюуну чечтик. Биз буларды курбуларыбыз менен бирге жасаганы жатабыз. Сиз буларды өз үйүңүздө жасасаңыз болот. Эсиңизде болсун, Рамазан – бул ашканада жүрүүнүн эмес, сыйынуунун мезгили.

4) Рамазанга план иштеп чыгыңыз

Рамазан быйылкы жылы май жана июнь айларына туура келет. Бул мезгилде эмгек өргүүгө чыгууга же каникулга кетүүгө ар кимдин эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Ошондуктан көптөр үчүн орозону иш жана окуу, ошондой эле сынактардын кыйынчылыктары менен айкалыштырууга туура келет. Эсиңиздерде болсун, Рамазан учурунда таңкы саат 3тө туруп кайра түнкү 12-1ге чейин сергек жүрүүгө туура келет. Өзүңүздүн пландарыңыздын негизинде күндү кантип өткөрө тургандыгыңыз жөнүндө кеңири жазып алыңыз: качан Курандын аяттарын окуйсуз, кайсы убактыңызды коомдук ишке, үй-бүлөңүзгө жана эс алууга арнайсыз. Түштөнүү мезгилин уктоо үчүн бөлсөңүз болот. Албетте Рамазан – бул эски жашоо ыргагын жаңы режимге ыңгайлаштыра билүү гана эмес, жакшы адаттарды өздөштүрүп, жамандан арылууга мүмкүнчүлүк болуп саналат. Рамазанга карата ишке ашырууга мүмкүн болгон пландарды белгилөө керек. Уйкунун алдында эртеңки күндү пландап жатыңыз. Бул үчүн күндөлүк же Рамазан планерун түзүп алууга болот.

5) Сүрөөлөрдү окуп баштаңыз

Рамазандын эң жакшы убактысы – бул таравих намазы. Эгерде сиздин мечитке барып, жамаат менен таравих окууганга шартыңыз болсо, бул –эң сонун. А болбосо, таравихти үйдө үй-бүлөңүз менен окуңуз. Ар бир рекетте ошол эле сүрөөлөрдү кайталабаш үчүн азыртадан сүрөөлөрдү жаттап башташыңыз зарыл. Рамазан учурунда бардык жаттаган сүрөөлөрүңүздү кайталоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

6) Орозону азыртадан кармап баштаңыз

Ар кандай сыноолорго акылман адамдар алдын ала даярданышат. Спортчулар татаал көнүгүүлөрдү жасоо менен дене боюн “жибитишет”, болбосо күч келгенде булчуңдар жана тарамыштар үзүлүп кетиши мүмкүн. Рамазанга да даярдык ушул сыяктуу эле. Узак убакыт ачка жүрүүгө даяр эмес организм алсызданып калышы мүмкүн. Ошондуктан Мухаммед Пайгамбар (С.А.В.) Ша’бан айында орозону көп кармаган. Бул анын Рамазанга моралдык жана физикалык жактан даярдыгы болгон.

7) Дубаны көп кылуу керек

Дайыма дуба кылып, Аллахка кайрылууну өзүңүзгө адат кылып алыңыз. «Аллахумма, баллигна рамадан» деп көп кайталаңыз. Мусулман Жараткандан Рамазан айын диний жана физикалык жакшы абалда өткөрүүнү, орозосун кабыл кылуусун суранышы керек.

8) Өзүңүздү орозодогу милдеттүү карыздарыңыздан бошотуңуз

Сиздин кармаган орозоңуз кабыл болушу үчүн буга чейин орозодогу карыздарыңыздын баарын Рамазанга чейин жабып коюшуңуз керек.

Ошондой эле бардык акчалай карыздарыңызды төлөп бүтүшүңүз шарт. Рамазанды жеңил, жан дүйнө тынчтыгы менен тосуп алуу керек.

9) Рамазан айында сизди алаксытуучу бардык иштерди бүтүрүп коюңуз

Рамазан айында өзүңдү болушунча сыйынууга арноо үчүн, бардык баштаган иштерди бүткөрүп коюу кажет. Көчүү, дүкөн кыдыруу, тиш дарылатуу жана башка иштерди азыртадан бүтүрүп алган оң. Эгерде студент катары Рамазан айында сынак бере турган болсоңуз, эмитен даярданып алыңыз.

10) Тазалык – жарым ишеним

Үйүңүздү Рамазанга даярдаңыз: жыйнап, тазалап, бардык жуула турган буюмдарды, кийим-кечелерди жууп, жыйнап коюңуз. Балдарга Рамазанда үйдө майрамдык маанай тартуулап туруңуз. Бул айдын башында гусул алып, таза жүрөк, таза дене жана ак ниеттер менен орозону тосуу абзел.

Жараткан Рамазан айындагы орозоңуздарды кабыл кылсын!

Булагы: http://ummamag.kg/ru/articles/education/1775_10_del_kotorye_nuzhno_sdelat_do_ramadana

Котормо – “Кабар” МА

Пикир

Оставить комментарий