• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Рамзан Кадыров спорттук көнүгүү жасап, жогорку жыйынтык көрсөткөн балага Mercedes белек кылды

Дүйнө 0


Бишкек, 15.11.18 /Кабар/. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 146 мүнөттө 4105 жолу отжимание жасаган 5 жаштагы балага Mercedes белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Дуба-Юрт айылынын жашоочусу 5 жаштагы Рахим Куриев полдо токтобостон эки саат 26 мүнөттүн ичинде 4105 жолу отжимание жасаган. Бирок Россиянын рекорддор китебинин өкүлдөрү рекордду расмий түрдө бекитишкен эмес.

Кадыров кийинчирээк Рахим азыркы көрсөткүчтү кайра кайталай ала турганына ишенерин билдирген.

“Бул унааны сага Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы кайрымдуулук фондунун президенти Аймани Кадырова берди. Атаң сени ушул унаада алып жүрсүн, сен ак Mercedes унаасында жүрүүгө татыктуусуң”, - деген Кадыров бала менен жолугушкан учурда.

Рахим рекордун Рамзан Кадыровго арнаган жана жакында ал жыйынтыкты жакшыртууну көздөөдө. Ал атасынын жетекчилиги астында машыгууда, шпагатка дагы отурат.

Буга чейин 5 жаштагылар үчүн рекорд калмыкиялык Бату Боктаевге тиешелүү болгон (4050).

Пикир

Оставить комментарий