• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Рапия Исаева: Жаңы Конституция өтө маанилүү

Коом 0

10-январда референдумда кыргызстандыктар өлкөдө президенттик башкаруу формасынын пайдасына добуш беришкен. 2021-жылы 6-февралдан баштап Кыргызстанда президенттик башкаруу формасына негизделген жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча коомдук угуу жүрүүдө. Педагогикалык илимдердин доктору Рапия Исаева айткандай, жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылдыгын турмуштун өзү жана октябрда өткөн революция шарттады.

Ал акыркы убактарда бардык оппозиция лидерлери Конституциялык реформа жүргүзүүнүн зарылдыгы тууралуу айтып келишкенин белгиледи.

“Биз президенттик башкаруу формасын тандадык. Президенттик башкаруу формасына негизделген жаңы Конституциянын кабыл алынышы керектиги айтпаса деле белгилүү. Конституциялык кеңешме түзүлгөн, анда илимдин докторлору, маданият ишмерлери да катышкан. Мен дагы катышып, өзүмдүн сунушу-пикиримди бергем”, - деди Исаева.

Р.Исаева бул Конституциянын башкы артыкчылыгы анда жоопкерчиликтин бар экенинде деп кошумчалады.

“Бизде жоопкерчиликтүү адам болот. Мындан тышкары, азыркы Конституцияга салыштырмалуу жаңыда артыкчылыктар көп. Айрымдар “Ханституция” деп коркуп жатышат, мен алар менен макул эмесмин. Дүйнөдө өлкөнүн жетекчиси бийликтин аткаруу бутагынын да башчысы болуп эсептелинген көптөгөн өлкөлөр бар. Биз буга чейин президент, бийликтин үч бутагы кандай иштей турганын, андан кийин эч ким эч нерсеге жооп бербей турганын да көрдүк. Жаңы Конституция боюнча бир адам бардык жоопкерчиликти өзү алат. Мисалга пандемияны алалы, биз коркунучтуу окуяларды баштан кечирдик, бирок болгон окуяга жана анын кесепеттерине эч ким жооп берген жок. Дагы бир мисал – шайлоонун партиялык системасы, партиялык шайлоо системасын киргизгенде таптакыр тескерисинче болду, дээрлик жыл сайын өкмөт алмашып жатты, бул жакшы эмес. Эгер өкмөттү кайра-кайра алмаштыра берсе экономика кантип өссүн?”, - деди ал.

Исаева азыркы Конституция менен экономика өнүкпөйт, анткени өкмөт туруксуз болуп, жеке саясатчылардын гана кызыкчылыгына баш ийүү менен стратегиялык программаларга ээ боло алган жок деп белгиледи.

“Премьер-министрди эч ким укчу эмес, анткени министрлер партиялар аркылуу дайындалып, алар премьер-министрге караганда өздөрүнүн лидерлерин көбүрөк угушчу, мындай шартта экономика өнүгө албайт болчу. Ал эми азыр президент аткаруу бийлигинин башында болот, премьер-министр кызматынан кетсе дагы калган бардык министрлер иштерин уланта беришет. Башкача айтканда, бул туруктуулуктун кепилдиги, ушундай жол менен экономика өнүгүшү мүмкүн”, - деп сөзүн жыйынтыктады Исаева.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий