• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Расмий билдирүү: Кыргызстан хоккей боюнча Дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы биринчи жолу Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Анын айтымында, Братислава шаарында Эл аралык хоккей федерациясынын конгресси өткөн. Бириккен Араб Эмиратында болгон квалификациялык турнирдеги чыр боюнча териштирүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча Эл аралык хоккей федерациясы Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды.

Оморкановдун пикиринде, бул маселеде Эл аралык хоккей федерациясынын дагы Кыргызстандын дагы катасы бар, ошондуктан кыргыз хоккейчилери үчүнчү эмес, төртүнчү дивизиондо Дүйнө биринчилигине катышат.

2020-жылы Дүйнө чемпионаты Бишкек шаарында 2 – 8-мартта өтөт. Ага Кувейт, Малайзия жана Филиппиндин курама командалары катышат. Бул турнирдин жеңүүчүсү кийинки этапка өтүп, Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгат.

Мындан тышкары, Кыргызстан 2022-жылы өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн квалификациялык турнирине катышат.

Эске салсак, 2019-жылдын 31-мартынан 6-апрелине чейин Абу-Даби шаарында алты команданын катышуусунда – Кыргызстан, Таиланд, Кувейт, Босния жана Герцеговина, Гонконг жана Бириккен Араб Эмираты – Дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойношкон.

Өз тайпасында Кыргызстан бардык оюндарында жеңишке жетип, биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Акыркы беттеште Кыргызстан тайпада экинчи орунда келе жаткан Бириккен Араб Эмиратын (БАЭ) 7:4 эсебинде утуп алган.

Бирок БАЭ Хоккей боюнча эл аралык федерацияга арызданып, Кыргызстандын курамында ойногон Александр Титовдун (Титов Кыргызстанда төрөлгөн) мурда Россия үчүн ойноп келгендиги айтышкан.

Хоккей боюнча эл аралык федерация Кыргызстанга 4 техникалык жеңилүүнү жазып, оюнчу Александр Титов четтетилген.

Ошентип, Бириккен Араб Эмираты тайпада биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алып, Кыргызстан акыркы орунду ээлеп калган болчу.

Пикир

Оставить комментарий