• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 26 мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда, «Расмий статистика жөнүндө» жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий