• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Расмий статистика жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын статистика жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу, аны Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы фундаменталдык принциптерине толук дал келтирүү, улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктун расмий статистикага болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат.

Мыйзам улуттук статистика тутумунун уюштурулушун жана иштөөсүн жөнгө салат, расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди белгилейт.

«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аталган жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамы күчүн жоготот.

Пикир

Оставить комментарий