• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Равшан Сабиров Түркия элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейин Коч менен жолугушуп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Равшан Сабиров Садыр Жапаров президенттик кызматка келгенден кийин кыргыз-түрк алакаларынын жаңы деңгээлге чыкканын билдирди. Ошондой эле агентикке “улуттук” статусу берилгенин, бул болсо мындан ары түздөн-түз президенттин алдында жумуш алып барууга мүмкүнчүлүк берерин, ошол эле учурда инвесторлор үчүн керектүү болгон бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.

“Кыргыз-түрк калктары боордош жана бир тууган элдер. Биз Түркиянын мамлекеттик жеке өнөктөштүк жана инвестиция жаатындагы тажрыйбаларын колдонууга кызыкдарбыз. Кыргызстан Жибек жолунун тоомунда жайгашкан өлкө. Учурда агенттиктин концепциясы даярдалууда. Бирдиктүү терезе системасын киргизип, инвесторлорго тиешелүү бардык маселелерди бир жерден чечиле тургандай кылабыз", - деди Равшан Сабиров.

Өз кезегинде Түркия элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейин Коч улуттук агенттиктин түзүлүшү түрк тарабынан жылуу кабыл алынганын жана контр-өнөктөшү болуп саналган Түркиянын президентке караштуу Инвестициялар боюнча офиси боюнча маалымат берди. Ошондой эле улуттук агенттик менен Инвестиция офисинин өз ара кызматташуусун жолго коюуну сунуштады.

Мунун менен бирге, Равшан Сабиров приоритеттүү долбоорлордун катарына энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке киргизүүнү жана алдыга жылдырууну атады.

Ушуну менен бирге, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) катышуусу ата мекендик ишкерлер жана инвесторлор үчүн өндүрүлгөн продукцияларды 186 миллиондук көлөмдөгү рынокко сатуу мүмкүнчүлүгүн берерин айтты. Ошондой эле Сабиров түрк тарапты Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция салууга чакырып, медициналык туризм тармагында жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы ээлчилигине Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейин Коч эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу жана түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартууга ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн жана про активдүү түрдө кызматташууга даяр экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий