• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Разаков: Адам укуктары боюнча БУУнун ЖКБсы өлкөдөгү демократиялык институттарды бекемдөөгө колдоо көрсөтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (БУУ АУЖКБ) Кыргыз Республикасындагы демократиялык институттарды бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Нью-Йорктогу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Кеңсесинин башчысы, БУУнун башкы катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Эндрю Гилмор менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелерине чоң маани берет. Ошол эле учурда өлкөдө жарандык коом абдан өнүккөн, бул өз кезегинде мыйзамдарды өзгөртүү демилгелерине негиз салган иштин стандарттарына таасир берет. Төмөндөгү контекст менен республика жана Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы жана адам укуктары боюнча башка органдардын ортосунда кызматташтыктын абдан жогорку баскычта тургандыгын канааттануу менен белгилеп кетер элем», – деди ал.

Адам укуктары боюнча Башкы катчынын жардамчысы Эндрю Гилмор БУУнун бардык иш-аракеттери коопсуздукту жана тынчтыкты камсыздоого багытталганын белгилеп кетти.

«БУУ өз ишмердүүлүгүндө үч эрежени карманат – бул тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү. Аны менен катар биздин уюмда өнүгүүнү тынчтыгы жок, тынчтыкты өнүгүүсүз камсыз кылууга мүмкүн эмес, экөөнү тең адамдардын укугу жок камсыз кыла албайбыз деген сөз дайым айтылып жүрөт. БУУ Кыргыз Республикасын терроризмдик коркунучу аз өлкөлөрдүн катарына кошуп жатканы кубанычтуу », -деп белгиледи Эндрю Гилмор.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адамдардын укугу, бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана өз ара тажрыйба алмашуу боюнча маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий