• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков Баткен облусундагы бир катар социалдык обьектилердин курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусундагы иш сапарында Аксай - Тамдык жана Аксай – Рават жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Көк-Таш - Аксай - Тамдык» жолунун узундугу 24,5 чакырымды, ал эми сметалык баасы 606 млн сомду түзөт.

Көк-Таш – Аксай жолунун узундугу 6,8 чакырым келген тилкесине асфальт төшөөгө 50 млн сом каралган. Бул каттамдын жогоруда айтылган 6,8 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү.

Курулуш иши 2014-жылы башталган Ак-Сай – Рават автомобиль жолунун узундугу 25 чакырымды түзөт. Долбоордун сметалык баасы - 584,5 млн сом. Жолго шагыл төшөөгө жалданма компания 20 млн сом которгон.

Каттамдын узундугу 6 чакырым келген тилкеси кеңейтилди. Учурда жолдо курулуш иштери уланууда. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин каттамды салуу иштери бүткөрүлүп, андан кийин ушул жолдон чоң жүк ташуучу транспорт каражаттарынын каттоосуна уруксат берилери күтүлүүдө.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Аксай айыл округунун «Бакай» участкасындагы ирригациялык системанын курулушу менен таанышты. Быйыл бул объектини каржылоого 50 млн сом каралган.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков инфраструктуралык объектилердин курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий