• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Разаков Баткендеги Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты, - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Вице-премьер-министр ошондой эле Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан курулуш башталганы 21 км жол курулган.

Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 млн сом өлчөмүндө каражаттар каралган, алардын ичинде:

- 50 млн сом Көкташ–Аксай жол участогунун бетине асфальт-бетон төшөө үчүн багытталган, учурда 7 км узундуктагы трассага асфальт-бетон төшөө иштери башталды;

- 70 млн сом 13,5 чакырым Аксай–Тамдык жаңы жол участогунун курулушуна багытталат, курулуш (жардыруу) иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий