• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Разаков: Биз кыргыз жери дүйнөгө улуу жазуучу Айтматовду тартуулаганы менен сыймыктанабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 2-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык эстелигинин ачылыш салтанатына катышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын Свердлов облусунун жетекчилиги замандын көрүнүктүү жазуучусу жана белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алганын ыраазычылык менен кабыл алды.

«Свердлов облусунун жетекчилигинин чечимин биз Чыңгыз Айтматовго инсан катары жана анын чыгармачылыгына терең сый-урмат көрсөтүү деп баалайбыз. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында «Гүлсарат» повести боюнча «Танабай жана Гүлсары» мемориалдык-скульптордук композициясынын ачылышы - биз үчүн кош майрам», - деди Жеңиш Разаков.

Ал белгилегендей, Чыңгыз Айтматовдун мурасы - бул терең изилдөөнү талап кылган бай руханий багыт.

«Биздин мекендешибиз жана улуу жазуучу өз чыгармаларында адамдын тарыхый эс-тутумундагы маселелер, «адам үчүн адам болуу» деген сыяктуу татаал жана түбөлүктүү суроолор боюнча ой толгоп, жашоо-тиричиликтин күнүмдүк жеңил эмес баскычтарын багындырып келген. Биз кыргыз жери дүйнөгө чыгармаларында мекенге жана энеге болгон сүйүү, бүтүндөй дүйнөдө тынчтыкка умтулуу - адамзатынын жашоо максаты болгон улуу адамды жана улуу жазуучуну тартуулаганы менен сыймыктанабыз», - деди Жеңиш Разаков жана быйыл улуу жазуучунун маарекеси бүт дүйнөдө белгиленип жатканын билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Санкт-Петербург шаарында Чыңгыз Айтматовдун урматына бак ачылган, Москвада эстеликтин ачылышы пландалууда, улуу жазуучунун ысмы Астана жана Ташкент шаарларында көчөлөргө ыйгарылды.

«Дүйнөнүн көптөгөн шаарларында конференциялар, айтматовдук окуулар жана башка салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Россиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов белгилегендей, Чыңгыз Айтматовдун маарекесинин алкагында Екатеринбург шаарында бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

«Китеп көргөзмөлөрү, конференциялар өтүүдө, жыл аягында шаардын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат. Биздин улуу заманбашыбыз өз чыгармаларында бардык улуттар, маданият жана диний ишенимдердеги адамдар үчүн маанилүү болуп саналган адамзатынын улуу чындыгына кайрылат. Дал ушул Чыңгыз Айтматов сыяктуу жазуучулардын чыгармалары маданият жана искусство кылымдарга каларын далилдейт», - деди Василий Козлов жана Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашевдин куттуктоосун окуду.

Пикир

Оставить комментарий