• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков: Биз ЖККУ алкагында кызматташтык программасын ишке ашырууга кызыкдарбыз

Саясат 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Биз Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында кызматташтык программасын ишке ашырууга кызыкдарбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 18-августта, Россия Федерациясынын Аскер өнөр жай комиссиясынын аскердик экономикалык кызматташтык(техникалык) маселелери боюнча коллегия төрагасынын орун басары Олег Бочкарев менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташтык мамлекеттер аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү жыйынтыгынын бири катары 2016-жылдагы ЖККУ мүчө мамлекеттердин аскердик-экономикалык кызматташтыгы Программасынын бекитилиши болгон. Ал программа уюмга мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык жана өндүрүштүк-техникалык потенциалын колдонууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Кыргыз Республикасы ишканалар жана куралдуу өнөр жай комплекси мекемелери ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөлөр аймагында аскердик маанидеги продукцияларды чыгаруучу биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар. Мында бир катар атамекендик ишканалардын иштөөсүнө, өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө жана аларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деди Жеңиш Разаков.

Ал белгилегендей, бул жылдар аралыгында жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында экономикада өндүрүштүн салымы көбөйүп, айрым тармактарда өндүрүштүн багыты өзгөрүлдү жана өндүрүштүн көлөмү көбөйүп, экспорт жакшырды.

«ЖККУ мүчө мамлекеттердин жаңы түрдөгү аскерий технологияларды иштеп чыгуу максатында биргеликте жүргүзүлгөн иштер келечекте кызматташтыкты ийгиликтүү улантууга өбөлгө болот. Бул биздин өлкөлөрдүн аскердик өнөр жай комплекси ишканаларын жакындаштырууга жардам берет жана аскердик техникалык жана аскердик-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен ишканаларды жана өндүрүштү түзүүгө жардам берет »,- деди ал.

Өз кезегинде Россиянын Аскердик өнөр жай комиссиясы коллегиясынын төрагасынын орун басары Олег Бочкарев маалымдагандай, россиялык делегация үч күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан аскердик өнөр жай комплекси ишканаларындагы өндүрүш процесси менен таанышат.

«Ишканарды көрүп чыккан соң ар бир мекемеде жумуш тобу түзүлөт, өнөктөш ишкана тандалат, техникалык жардамдар көрсөтүлөт. Жумушчу топ аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Федералдык кызматтын жана россиялык «Рособоронэкспорт» мамлекеттик компаниясынын өкүлдөрүнөн турат.

Биз аталган жумуш топтор ар бир ишкана менен жекече иш алып барышат деп эсептейбиз. Апрелге чейин ЖККУ алкагында аскердик өнөр жай коллегиясынын комиссиясынын көчмө жыйынын пландаштырып жатабыз», – деп маалымдады Россиянын аскердик өнөр жай комиссиясы коллегиясынын төрагасынын орун басары Олег Бочкарев.

Пикир

Оставить комментарий