• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков: Биздин жаштардын бакубаттуулугуна инвестицияларды тартуу бул – өлкөнүн бүгүнкүсүнө жана келечегине салым

Өкмөт 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуунун үстүндө иштерди жүргүзүүдө. Бул иште өзгөчө орунда биздин жаштардын бакубаттуулугуна инвестицияларды тартуу турат. Бул өз кезегинде өлкөнүн бүгүнкүсүнө жана анын келечегине салым кошуу болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 18-июлда, «Кыргызстан менен Тажикстандын тынч жана инклюзивдик коомчулугу үчүн жаштардын туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун расмий ачылышына арналган иш чарада.

"Жеңиш Разаков баса белгилегендей, ааламдашуу доорундагы заманбап этапта жергиликтүү деңгээлде жаштардын бир бөлүгү өздөрүнүн жашоосун, үй-бүлөсүнүн жана коомчулукту өзгөртүп жатса, башка бир бөлүгү социалдык обочолонуу, чыдамсыздык жана маргиналдашуу менен социалдык топтор арасында чыр-чатактарга алып келүүдө",-деп айтылат Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.

«Ошондуктан жаштар өздөрүн коомду өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга жана ага катышуу тийиш экендигин сезүүсү керек. Жаштар коомдун социалдык-саясий жана экономикалык жактан өнүктүрүүгө катышуусу керек. Алар сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө, билим берүү жана маданий баалуулуктарга жетишүүгө тийиш», – деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр КР Өкмөтү менен ЮНИСЕФ жана Улуу Британиянын Өкмөтү ортосунда жаштардын коомчулук менен активдүү иштөөсү үчүн жардам берүүдөгү кызматташуусуна ишенимин билдирди. Аны менен бирге аталган долбоорду өлкө аймактарындагы жергиликтүү коомчулукта ишке ашырууга бардык тийешелүү мамлекеттик органдар жана кызыктар тараптар ар тараптуу жардам көрсөтөрүн баса белгиледи.

«Кыргызстан менен Тажикстандын тынч жана инклюзивдик коомчулугу үчүн жаштардын туруктуулугун жогорулатуу» программасы КР Өкмөтү, Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги жана БУУ Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан сунушталып, социалдык биримдикти түзүүгө жана жаштардын жана балдардын арасында зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган.

Аталган программа Баткен, Жалал-Абад облустарындагы чек арада жайгашкан райондордо, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ишке ашырылат.

Программа коомдогу социалдык биримдикти арттырууга жана балдардын укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугуна, ошондой эле социалдык теңсиздикти кыскартууга, чыр-чатактардын алдын алууга түрткү берет.

Иш чарага Улууу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит, ЮНИСЕФтин Чыгыш жана Борбордук Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директору Афшан Хан жана Улуу Британиянын Борбор Азия боюнча эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Ник Боулер катышты.

Пикир

Оставить комментарий