• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Разаков БУУ баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Австрия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Венада Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жеңиш Разаков баңгитрафикке каршы күрөшүү, транс чек аралык кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн чек араларды натыйжалуу башкаруу, соттук-укуктук реформа, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, акча кымырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү, баңгизатынан көз карандылыктын жана АИВ/ИЖКС инфекцияларынын алдын алуу жана дарылоо чөйрөсүндө КР өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздабастан, анын ичинде ички жана тышкы коркунучтардан, ошондой эле заманбап чакырыктардан коргоосуз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эмес экендигин белгилешти.

Вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Бишкекте Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитеттин жыйыны ийгиликтүү өткөрүлгөнүн айтып өттү. Анын жүрүшүндө баңгитрафик жолдорун текшерүү зарылдыгы талкууланган.

БУУ баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов белгилегендей, Кыргызстанда чет өлкөлүк өнөктөштөр аркылуу ишке ашырылган долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат. Анын ичинде БУУ БКБ үчүн башкы критерий мүчө мамлекеттер менен тажрыйбалык планда иштешүү болуп саналат. Ал Кыргызстан менен өнөктөштүк БУУ БКБ үчүн артыкчылыктуу багыт экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий