• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков Чырпыкты айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылынын ийгиликтүү башталышы менен куттуктады.

«Билим күнү ачылыштар менен ийгиликтин белгиси болуп саналат. Бул жөн гана майрам эмес, алдыга коюлган максат менен ийгиликке жетүү үчүн дайыма өзүң менен өзүң иштөө, билимиңди дайыма тереңдетүү керектигин эскерткен күн. Бүгүнкү күндө мамлекеттин, коомчулуктун, ата-энелердин алдында актуалдуу жана маанилүү делген маселе турат, бул келечек муунга татыктуу билим жана тарбия берүү», - деди Жеңиш Разаков.

Анын айтымында, учурда 2026 мектеп Интернетке кошулду, бул 94,7% пайызды түзөт. Бул жылы 157 билим берүү мекемесин куруу боюнча тизме бекитилди. (111 мектеп, 10 кошумча жаңы корпус, 24 бала бакча, 11 спорт зал).

«Өкмөт 2019-жылдын октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрөт. Биз билим берүү тармагын мындан ары да жакшыртуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Билимге умтулгула, дымактуу болгула, дайыма биздин ата-бабаларыбыздын эрдигин, акылмандыгын, эмгегин унутпай, ошол сапаттарды өзүңөргө алгыла. Булар келечекте улуттук кызыкчылыктарды коргоодо, биздин мамлекетти өнүктүрүүдө, ийгиликке жетишүүгө өбөлгө болот», - деди вице-премьер-министр.

Жеңиш Разаков Өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуулардын топтомун алуу үчүн сертификат тапшырды.

Маалымдама үчүн:

Чырпыкты айылындагы орто мектептин курулуш иши 2008-жылы башталган, бирок каржынын жоктугуна байланыштуу иш токтоп, кайра 2017-жылы курулуш иши жанданган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен 63 млн сом бөлүнгөн. Окуу имараты 324 орунга ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий