• 84.8
  • 102.34
  • 1.12

Разаков ЕБ Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу учурунда эки жактуу күн тартибинин, анын ичинде өлкөдөгү соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, ЕБ менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктарынын бири жана ал өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков белгилегендей, соттук-укуктук реформалардын алкагында жаңы Кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүүдөгү ЕБ институттарынын ролун белгилеп, анын негизги аспектилери тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле белгилегендей, Кыргызстан жана ЕБ ортосунда кеңейтилген кызматташуу жана өнөктөштүк жөнүндө жаңы Келишимдин долбоору боюнча активдүү иштер жүрүп жатат, анда экономикалык рефомарлар да камтылган.

Ошону менен бирге вице-премьер-министр кошумчалагандай, кыргыз тарап санариптик трансформациялоо долбоорлорун ишке ашыруу, сот тутумун жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүүгө кызыкдар.

ЕБ атайын өкүлү Петер Буриан баса көрсөткөндөй, кеңейтилген кызматташуу жана өнөктөштүк жөнүндө жаңы Келишимди түзүү эки тараптуу өз ара аракеттерди чыңдоого шарт түзөт.

Ал өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча оңдуу өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгилеп, аймактык, анын ичинде санариптештирүү боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууда кызматташууну тереңдетүүгө даярдык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгилешкендей, эки жактуу күн тартибинин бардык актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен өз ара аракеттешүүлөрдү келечектүү өнүктүрүү зарыл болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий