• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын президенти Рокка менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-апрелде, Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын президенти Франческо Рокка менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы Федерациянын ишмердүүлүгүн жогору баалайт жана эки тараптуу кызматташтыктын чыңдалышына чоң маани берет.

«Федерацияга саламаттык сактоо жаатындагы жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү, ага жооп кайтаруу жана кырсыкардын тобокелдигин төмөндөтүү маселелерин чечүүгө көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздер тараптан жүргүзүлгөн иштердин маңызы терең жана коомдук мааниге ээ», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасынын географиялык жайгашуусуна жараша, жер көчкү, кар көчкү, сел каптоо жана зилзала сыяктуу жаратылыш кырсыктары арбын орун алат. Алсак, 2017-жылы өлкөдө 169 жер көчкүсү орун алып, натыйжада, адам курмандыктары менен коштолгон. Буга байланыштуу республикабыз Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясы өзгөчө кырдаалдар масштабын кыскартуу, жаратылышы кырсыктарынан жоготууларды жана зыянды төмөндөтүү боюнча превентивдик чараларды кабыл алуу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуга көмөк көрсөтүүсүнө кызыкдар.

Өз кезегинде Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын президенти Франческо Рокка Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун алгылыктуу ишин белгилеп, келечекте жемиштүү кызматташууну өнүктүрүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирди.

«Биргелешкен күч-аракет аркылуу Кыргызстандагы өзгөчө абалдардын алдын алуу жана ага ыкчам жооп кайтаруу мүмкүндүгү бар. Биз аталган багытта топтолгон тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Биздин түзүмдүк подразделениелердин иши өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу жооп кайтаруу ыкмасына үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосуна үмүттөнөбүз», - деди Франческо Рокка.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Федерацияга Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн волонтерлорду даярдоодо колдоо көрсөтүүсүнө ыраазычылык билдирди жана Франческо Рокканы Оюндардын ачылыш аземине катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий