• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков III ДКОго жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 25-августта, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана Түрктилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү маселеси боюнча көчмө жыйынөткөрдү.

Вице-премьер-министр белгилегендей, алдыда мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өткөрүлгөнү турат.

«Буга байланыштуу көлөмдүү жана жоопкерчиликтүү иштерди аткаруу каралган, анын алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунажана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда коомдуктартипти жана республиканын жарандарынын жана чет элдик меймандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык тийиштүүчараларды кабыл алуу зарыл. Бүгүн биз иш-чара өткөрүлүүчү негизги объектилерди көрүп чыктык, күч жана укук коргоотүзүмдөрүнүн аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарууга карата даярдыгын талкууладык. Алардын жыйынтыгы боюнча аталган иш-чараларга даярдык көрүүгө тийиштүү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды», - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Премьер-министрдин буйругу аркылуу бекитилген Планда каралган бардык чаралардын, ошондой эле протоколдук тапшырмалардын аткарылышы зарылдыгы тууралуу эскертти.

«Оюндарга жана Саммитке даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган жалпы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине,ошондой эле белгилүү тилкелерге жооптуу жактардын аларга карата жүктөлгөн милдеттерине жараша жеке жоопкерчилигин эскертем», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Пикир

Оставить комментарий