• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков: Өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү механизмдери, анын элементтери жана өркүндөтүү» деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жүрүшүндө билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Вице-премьер-министр белгилегендей, коррупция коомубуздун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген негизги факторлордун бири бойдон калууда.

«Көрүнүп тургандай, жаза чараларын жана кылмыштык куугунтуктоону колдонуу коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кырдаалды жакшыртууга радикалдуу таасир берүүгө жол бербейт. Ийкемдүү таасир этүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн бардык жалпы мамлекеттик аппаратты бириктирүү талап кылынат», - деди ал.

Жеңиш Разаков Өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иштерди жасап жатканын айтты. Процедураларды жакшыртууга жана процесстерди оптималдаштырууга багытталган иш-чаралар көбүнесе кыйла маанилүү коррупцияга каршы натыйжага ээ.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүү кыйла коррупциогендик чөйрөлөрдүн бири болуп саналат. Мында калк күн сайын туш болгон жана жер-жерлердеги тиричиликтик коррупция көп байкалат. Калкка тейлөө көрсөтүү процессинин ачыктыгын жогорулатуу, жеке байланышты жоюу, автоматташтырылган тутумду киргизүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагында коррупцияны жоюуга мүмкүндүк берет», - деди ал жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасына ылайык 2018-2022-жылдарга карата бардык мамлекеттик кызматтарды санариптик форматта көрсөтүү үчүн жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү платформасын түзүү каралууда, жалпы улуттук санариптик трансформациялоо программасы киргизилди.

Вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, коррупцияга каршы ишмердүүлүктө күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү.

«Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты эске алганда, бүгүн каралган маселелер кыйла актуалдуу жана өз убагында болуп саналат. Биз элдин кайрылууларына, айрыкча аткаруу бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын иши боюнча талаптарына жооп кайтарууга тийишпиз. Сөз соңунда белгилей кетким келет, коррупцияга каршы күрөшүү Өкмөттүн ишиндеги башкы элементтердин бири болуп саналат. Биз коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана өркүндөтүү, натыйжалуу өз ара иштешүү боюнча жаратмандык иштерди улантабыз», - деди Жеңиш Разаков.

Пикир

Оставить комментарий