• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Разаков: Өкмөт өлкөдө жүргүзүлүп жаткан биргелешкен антитеррордук окууларга өзгөчө маани берет

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын антитеррордук бөлүктөрүнүн жетекчилик курамынын «Ысык-Көл – Антитеррор-2018» машыгуусуна катышты.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан биргелешкен антитеррордук окууларга өзгөчө маани берет. Бүгүнкү күнү республикада антитеррордук ишмердик субъекттеринин катышуусундагы антитеррордук тутумдун бирдиктүү механизми түзүлгөн, ал ар кандай террористтик коркунучтарга өз убагында жана натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн бардык күч түзүмдөрүн максималдуу даярдыкка келтирүүгө багытталган. Террористтик жана экстремисттик күчтөрдүн аймактын мамлекеттеринде коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында Борбор Азия аймагына кирүү аракеттерин токтотпогону өзгөчө тынчсызданууну жаратат», – деди Жеңиш Разаков.

Анын айтымында, КМШ боюнча өнөктөш компетенттүү органдардын жана өз ара аракеттешкен мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлүн так байкалган диверсиялык-террордук акцияларды ишке ашыруу тенденциясына байланыштуу акыркы чараларды кабыл алуу зарылдыгына буруу зарыл.

«Биз террорчулар эң аярлуу жерлерде өз акцияларын өткөрүү менен коомдо абалды туруксуздаштырууга аракеттенип, тынч жашоочулардын коопсуздугун жана аймактын мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо бийликтин жөндөмүнө калктын ишенбөөчүлүгүн жаратууга умтулушарын түшүнөбүз, – деп эсептейт Жеңиш Разаков. – Коопсуздукту ийгиликтүү камсыздоонун зарыл шарты катары кызыкдар мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен активдүү өнөктөштүк саналат».

Маалымдама: КМШ өлкөлөрүнүн «Ысык-Көл – Антитеррор-2018» машыгуулары КМШ Антитеррордук борборунун колдоосунда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин терроризм жана башка эскстремизмдин зомбулук көрүнүштөрүнө каршы 2017-2019-жылдарга карата кызматташуу программасына ылайык өтүүдө.

КМШ катышуучу-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын антитеррордук бөлүктөрүнүн жетекчилик курамынын «Ысык-Көл – Антитеррор-2018» машыгуусу 25нен 27-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий