• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков: Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүү

Коом 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу миллдеттеринин бири катары калкка сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүү болуп саналат. Бул тууралуу КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Калкты тейлөөчү жаңы борбордун ачылышында билдирди.

Вице-премьер-министр акыркы мезгилде Мамлекеттик каттоо кызматы инновацияларды киргизүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин актуалдаштырылган маалыматтык базасын түзүү боюнча жогорку жыйынтыктарга жетишкендигин канагаттануу менен белгиледи.

«Заманбап маалыматтык технологиялардын пайдаланылышы мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди, калкты тейлөө мөөнөтү кыскартылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалып, жарандардын чиновниктер менен түз байланышы кандайдыр бир деңгээлде жоюлду, натыйжада, бул коррупциянын деңгээлин реалдуу түрдө кыскартууга алып келди», - деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары Өкмөт иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорун жаңы форматка өткөрүүгө жетишти.

Пикир

Оставить комментарий