• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» тутумунун ишине мониторинг жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» (ББР) автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мониторингдин башкы максаты Бузуулардын бирдиктүү реестринин ишинин алкагында Бузуулар жөнүндө кодексти толук кандуу ишке ашыруу маселеси, ошондой эле «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун Бузуулардын бирдиктүү реестрине интеграциялоо болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министрге «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун алкагында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 8 айында ББР тутумунда 267 миңден ашуун протокол катталып, 426 млн сомдон ашык суммага айып салынган.

Жеңиш Разаков ББР тутумун мындан ары карай өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, ИИМге бир жумалык мөөнөттө «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун Бузуулардын бирдиктүү реестрине интеграциялоону тапшырды.

Ошондой эле вице-премьер-министр Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.

ЖКККББ маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 400 миңден ашуун жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталган. 178 миңге жакын эреже бузуу боюнча 200 млн сомдон ашык айып пул төлөнгөн. Бишкекте фото жана видеобайкоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52% кыскарган. Жаракат алгандардын саны азайган. Чүй облусунда аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде жол кырсыктары 70% чейин кыскарды.

ЖКККББ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Транспорт жана жолдор министрлиги менен биргеликте долбоордун экинчи баскычын республиканын аймагы боюнча ишке ашыруу максатында жол инфратүзүмдөрүн ылайык келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик органдарга «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ИИМди «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттоого байланыштуу чырлуу жагдайларда калкты сапаттуу тейлөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий