• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Разаков кореялык компаниялардын өкүлдөрү менен келечектүү инвестицияларды талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Корея Республикасынын Жалданма компаниялар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки, ошондой эле менен кореялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттар жана келечектүү биргелешкен инвестициялык кызматташуу талкууланды.

Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Корея Республикасы Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат.

Жеңиш Разаков баса көрсөткөндөй, Өкмөт чет өлкөлүк инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча белгилүү бир чараларды көрүүдө, өлкөдө укуктук база түзүлгөн, ал тыштан келген инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди жана артычылыктарды берет, экономиканын ачыктыгы, либералдык соода жана валюта режими.

«Кыргызстан үчүн биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтык кыйла маанилүү болуп саналат. Ошондуктан кыргыз тарап бул чөйрөдө кызматташууну чыңдоого, ошондой эле Сиздин ассоциациянын Кыргызстанга кореялык компанияларды тартууга колдоосуна ишеним артабыз», - деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык мамилелердин потенциалы толук ачылган эмес, буга байланыштуу Кыргызстан шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, тоо кен тармагы, өнөр жай, транспорт, мейманкана комплекстерин жана туристтик объекттерди куруу жана башка жааттарда корея бизнесинин катышуусуна кызыкдар.

Жалданма компаниялар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки өз кезегинде Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча оңдуу кайра өзгөртүүлөрдү белгиледи.

Ал басым жасагандай, өлкөлөр ортосундагы эки жактуу соода-экономикалык мамилелердин келечеги зор, буга байланыштуу кореялык компаниялар инвестиция салууга артыкчылыктуу чөйрөлөрдү изилдешүүдө.

Ли Кун-Ки кошумчалагандай, Кыргызстандын делегациясынын үстүбүздөгү жылы Сеул шаарында өтө турган кезектеги Дүйнөлүк инфраструктуралык кызматташуу боюнча конференцияга катышуусу өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга өбөлгө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган активдүү диалогду улантууга өз ара даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий