• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Разаков: Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу өкмөттүн башкы милдеттеринин бири

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Коррупциялык көрүнүштөрдү, анын мамлекеттик башкарууга тийгизген таасирин жоюу КР өкмөтүнүн башкы планы. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Коррупциянын алдын алуунун старатегиялык жолунда» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Вице-премьер-министр коррупцияга каршы күрөштүн биринчи баскычында КР өкмөтү коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө негизги элементтерди жөнгө салуучу бир катар мыйзам актыларын кабыл алганын белгиледи.

«Башкаруу, кылмыш жана кылмыш-жазык мыйзамдарындагы кемчиликтерди жана карама-каршы кырдаалдардын кагылышуусун талдоо жана аларды жоюу максатында укук коргоо органдарындагы коррупцияны төмөндөтүүгө негиз боло турган соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу иши уланууда. Иш чаралардын планына ылайык, КР мыйзам актыларына соттук-укутук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстер менен шайкеш келтирүү боюнча 77 тармактык кодекске жана мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү каралган. Ошол эле учурда мыйзамдарды айкалыштыруу максатында 2020-жылга карата план иштелүүдө. Коррупцияга баа берүүнүн көп баскычтуу жана көп функциялуу системасын түзүү, атка минерлердин парасаттуулугун көтөрүү боюнча иштер жүрүүдө, бул өз кезегинде республикалык деңгээлде мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жеке шартында талдоо жүргүзүүнү шарттайт», - деди Разаков.

Вице-премьер-министр өкмөт, тандап алган демократиялык өнүгүү жолун жактарын ырастайт жана мамлекеттик органдар, жарандык коом жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташууну ишке ашыруу максатында жаңы технологияларды өнүктүрүү үчүн аракет кыларын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы 2017-жылы «Ачык Өкмөт өнөктөштүгүнүн» расмий мүчөсү болгон Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп саналат. Мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, коррупциялык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү, ишкерлердин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо үчүн бизнес-акыйкатчы кызматы түзүлдү. Учурда шайланган бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит ишине киришти. Ал жарандык жамаат менен мамлекетти байланыштырган көпүрө болуш керек. Жарандык жамаатты коррупциянын алдын алуу жана агы каршы күрөшүү боюнча бизнес-акыйкатчы институту менен өз ара активдүү кызматташууга чакырам», - деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жарандык коом институтунун биргелешкен ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча консультативдик-кеңешүү аянтчасы катары КР өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш өз ишин жандандырганын кошумчалады.

«КР өкмөтү жарандык коом менен коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, азайтуу жана каршы туруу ишине активдүү түрдө катышат. Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу болушуна биргелешкен аракет гана негиз болоруна ишенем», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий