• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков: КР менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын күн тартибиндеги маселеси - чек араны делимитациялоо

Саясат 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Ариповдун жолугушуусу болот. Абдулла Арипов жумуш сапары менен бүгүн Кыргызстанга келген. Күн тартибинде эки тараптуу кызматташтык боюнча баардык багыттагы маселелер турат, - деп билдирди журналисттерге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

"Биринчи кезекте бул чек араны делимитация жана демаркациялоо маселеси. Экинчиден - эки тараптуу экономикалык маселелер. Ошондой эле күн тартибине көзөмөл өткөрмө жайларындагы иштин ирээти жана биргелешип суу ресурстарын колдонуу боюнча келишимди ишке ашыруу киргизилген. Башкача айтканда, эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу баардык маселелерди талкуулашат", - деп билдирди Разаков.

Разаков чек арадагы талаштуу жерлерди аныктоо боюнча иштер активдүү түрдө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий