• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков: Кыргызстан менен Россия жалпы суммасы $12 млрд макулдашууга кол коет

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында жалпы суммасы 12 млрд. долларлык макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

"Бүгүн Россия менен 65 макулдашууга кол коебуз деп турабыз. Алардын 19у маданий-гуманитардык, 46 макулдашуу соода жана өнөр-жайды өнүктүрүү тармагында болот. Макулдашуулардын жалпы суммасы дээрлик 12 млрд. долларды түзөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Бишкекке келди.

Пикир

Оставить комментарий